
(1) ‘Эскертүүлөрдү’ окуңуз жана кол коюңуз.
▪ Арызды толтуруудан мурун, арыздын 1-бетинде жана 2-бетинде жайгашкан ‘Эскертүүлөрдү’ окууп түшүнгөндөн кийин, арыз берүүчүн атын жазыңыз (англис тилинде жазылса, чоң тамгалар менен жазыңыз) жана ‘Кол коюу же мөөр басуу’ тилкесине кол коюңуз же мөөр басыңыз.
(2) Бардык пункттарды толук толтуруңуз.
▪ Арыз берүүчү арыздын ар бир пунктунун ылдый жагында жазылган толтуруу ыкмаларын окууп түшүнгөндөн кийин, бардык пункттарды толук толтурушу керек, арыз берүүчүгө тиешеси жок пункттарга ‘Жок’ деп белгилейт.
(3) Корей же англис тилинде толтуруңуз.
▪ Арыз корей же англис тилинде анын мазмунун так түшүнүктүү кылып толтурулушу керек, корей же англис тилинен башка тилде толтурулган учурда корей же англис тилине которуп оригинал документ менен бирге тапшыруу керек.
▪ Арыз берүүчү жаза албаса же мүгүмдүүлүгү болсо арызды толтура албаса, кабыл алган кызматкердин жардамын ала алат.
(4) Мүмкүн болушунча компьютерде толтуруп басып чыгарып тапшырыңыз.
▪ Арызда жазылган мазмунду так түшүнүктүү кылып, мүмкүн болушунча Hi Korea веб-сайтында жарыяланган арыз формасын жүктөп алып компьютерде толтуруп басып чыгарып тапшырыңыз. Бул учурда 12 пункттон чоң шрифт менен жазыңыз.
Төмөнкү бөлүктөн жүктөп алыңыз.
(5) Тапшырылуучу материалдарды да корей же англис тилине которуп тапшыруу принцип.
▪ Арыздан тышкары тапшырылуучу материалдар ( үн жана видео файлдар камтылган) корей же англис тилинен башка тилде жазылган (жазылган же тартылган) учурда корей же англис тилине которуп оригинал материал менен бирге тапшыруу принцип.
▪ Бардык тапшырылуучу материалдар (документтер, сүрөт материалдары камтылган) мазмунун так түшүнүктүү кылып болушу керек.
▪ Корей же англис тилинен башка тилде жазылган (жазылган же тартылган) арыз же тапшырылуучу материалдарды корей же англис тилине которуп тапшырганда, арыздын ‘7. Серман’ бөлүмүнүн ‘Өкүл, адвокат, котормочу-таржиман ж.б. серман’ бөлүмүн толтуруу керек, толтуруу ыкмасы бул нускаманың 33~34-бетин, мисал 44-бетти караңыз.
(6) Үй-бүлө мүчөлөрү бирге арыз бергенде да ар бири өзүнүн арызын тапшырыңыз.
▪ Үй-бүлө мүчөлөрү (ата-энелер, жубай, жашы жетпеген балдар ж.б.) бирге арыз бергенде да ар бири өзүнүн арызын толтуруп тапшыруу керек.
(7) Жашы жетпегендердин арызын өкүл кылганда мыйзамдуу өкүл арызды толтуруп кол койсо болот.
▪ 19 жаштан кем жашы жетпегендердин арызын ата-энелер сыяктуу мыйзамдуу өкүлдөр өкүл кылганда ал өкүл жашы жетпегендинин ордуна арызды толтуруп кол коюшу керек, бул учурда арыздын ‘7. Серман’ бөлүмүнүн ‘Өкүл, адвокат, котормочу-таржиман ж.б. серман’ бөлүмүн толтуруу керек. Толтуруу ыкмасы бул нускаманың 33~34-бетин, мисал 44-бетти караңыз.
Арыз берүүчү арыздын бардык суроолоруна калп айтпастан жооп бериши керек.
▪ Арыздын бардык суроолоруна калп айтпастан жооп берип, калптык документтерди тапшырып же калптык билдирүү жасап же чындыкты жашырса арыз четке кагылат, качкын катары таанылгандан кийин ал чындык ачылса качкын статусу жокко чыгарылат. ( «Качкындар жөнүндө мыйзам» 22-макала 1-кысм)
▪ Калптык документтерди тапшырып же калптык билдирүү жасап же чындыкты жашырып качкын катары таанылып же гуманитардык убактылуу жашоо укугу алган адам 1 жылга чейин эркинен ажыратылат же 10 миллион вонго чейин айып пулга тартылат. ( «Качкындар жөнүндө мыйзам» 47-макала)